• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ала-Бука районунда 400 орундуу заманбап маданият үйү курулууда

Аймак 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар. Ала-Бука районуна караштуу Көк-Таш айыл аймагына жергиликтүү бюджеттен 400 орундуу заманбап маданият үйүн куруу иши башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрация башчысы Эмилбек Абдыкадыров, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Таалай Жунусов, тиешелүү мекеме уюмдун жетекчилери, айыл аксакалдары, жергиликтүү кеңештин депутаттары ак баталарын беришип, капсула салышты.

Көк-Таш айыл аймагынын башчысы Илясбек Рысдавлетов жаңы салынып жаткан маданият үйү боюнча төмөнкүлөргө токтолду: "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына карата бир топ иштер аткарылууда. Алардын катарына быйылкы жылга бүткөрүлүүчү объекттер да бар. Көк-Таш айылындагы Абдилаким Артыкбаев атындагы маданият үйү 1980-1990-жылдар аралыгында элдин демилгеси менен ашар жолунда кам кирпичтен 200 орундуу болуп салынган. Ал жерде бүгүнкү күнгө чейин кыргыз элине эмгек сиңирген далай маданият өкүлдөрүнүн концерттери өткөн. Тилекке каршы абалы талапка жооп бербегендиктен жергиликтүү бюждеттин эсебинен 63 миллион 351 миң 831сомго тендер жарыяланып, ага 8 ЖЧК катышкан. Анын ичинен "Сириус-Строй" ЖЧКсы тендерди утуп, азыркы күндө иш кызуу башталды”.

Кошумчалай кетсек, маданият үйүнүн биринчи кабатына жаштар үчүн комуз ийрими, машыгуучу зал уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий