• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ала-Бука районунда 60 жаңы жумуш орду түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 60 жаңы жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү тургундар иштей баштады. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жеке ишкер тарабынан тигүү цехи ачылып, анда айылдагы кыз-келиндер жумуш менен камсыз болушту.

Тигүү цехинин кошумча имаратынын курулушу толугу менен бүткөрүлсө, дагы 150 тигүү машинасы орнотулуп, аталган жайда жалпы 200гө жакын жумуш орду пайда болот.

Жергилкитүү бийлик тарабынан да ишкердикти колдоо, калкты иш менен камсыз кылуу багытында мүмкүн болгон жардамдар көрсөтүлөрү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий