• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ала-Бука районунда 90 орундуу эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Ала-Бука районунун Ак-Там айыл аймагында 90 орундуу эки бала бакчанын курулуш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, аймактагы социалдык объектилердин абалы менен КР президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев таанышып чыкты.

Азыркы учурда райондун Ак-Там айыл аймагындагы Ак-Там жана Кызыл-Ата айылдарында 90 орундуу эки бала бакчанын курулуш иштери 70-80 пайызга аяктап калган. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин курууга райондун өнүктүрүү фондунан жалпы 39 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн.

Ала-Бука районунда жалпы 28 бала бакча болуп, камсыздоо 32 пайызды түзөт. Район боюнча дагы төрт бала бакчанын курулуш иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий