• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ала-Бука районунда турак үйдө өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. 21-майда саат 22:31 чамасында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында Ибрагимов көчөсүндө турак үйдө өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өрттүн кесепетинен турак үйдүн 36 чарчы метр пластик шыбы, 2 даана эшик, 2 даана терезе жана үй буюмдары күйгөн.

Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий