• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ала-Бука районунда жол кырсыгы катталып, бир адам жеңил жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Ала-Бука районунда жол кырсыгы катталып, бир адам жеңил жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-август күнү саат 22:55 чамасында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айыл аймагынын Сырт жайлоосунда “Daewoo Labo” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып сайга түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 1980-жылы туулган эркек киши жеңил жаракат алган. Жерине КР ӨКМнин куткаруучулары барып, жабыркаган адамды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий