• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ала-Бука районунун акими баштаган делегация Наманган облусуна барды

Аймак 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурбек Сатаров баштаган делегация Өзбекстандын Наманган облусуна иш сапар менен барды. Бул тууралуу Ала-Бука райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда ишкерлер менен жолугушуп, районго инвестиция салуу, коңшу өлкөгө чектеш айылдар суу, сел каналдарын биргелешип тазалоо, үрөн, жер семирткичтерди алуу, биргелешкен ишканаларды куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий