• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ала-Бука районунун борборуна 33 видеокөзөмөл камералары орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. Ала-Бука районунун борборуна 33 видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, видеокөзөмөл Ала-Бука айыл өкмөтү тарабынан демилгеленип, "Коопсуз айыл" программасынын алкагында аткарылды жана долбоордун биринчи фазасында райондун борборуна жалпы 33 видеокөзөмөл камералары орнотулду, анын экөөсү жол эрежесин бузгандарды каттайт.

"Сервер жана көзөмөлдөөчү монитор Ала-Бука айыл өкмөтүнүн имаратына жана коопсуздукту өз убагында ыкчам уюштуруу, мыйзам бузууга жол бербөө максатында райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратына орнотулду", - деп айтылат маалыматта.

Райондун акими Кайырбек Чаргынбаев “Коопсуз айыл” долбоорунун алкагында орнотулган камералардын иши менен жеринде таанышты. Алардын иштөө тартиби менен Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы Самат Койчумбаев жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Азен Козукеев тааныштырды.

Видеокөзөмөл камералары орнотулган күндөн баштап, видеокамералардын жардамы менен 7 мыйзам бузуучулуктар аныкталып, жол эрежесин бузган 7 айдоочунун күбөлүгү алынган. Мындан башка 2 кылмыштын бетин ачууга мүмкүн болгон.

Пикир

Оставить комментарий