• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолунда кар көчкү түштү

Кырсык 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолунда кар көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-февралда саат 05:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолунун 91-92-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) болжол менен жалпы 6 миң куб метр кар көчкү түшүп, анын 3 миң куб метри унаа жолун жаап калган.

Кар көчкүнүн кесепетинен жабыркаган адамдар жок.

Тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жерине 1 грейдер тартылып, саат 08:30да унаа жолу бир тараптуу ачылып, учурда кеңейтүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий