• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ала-Бука жана Базар-Коргон милициясы түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Аймак 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Ала Бука РИИБнин кызматкерлери жергиликтүү айыл өкмөт башчылары, билим берүү, балдарды колдоо бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте “Лидер” ыкчам алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү мектеп рэкетчилигинен жана топтошуп мушташуулардан алыс болууга үндөп, мыкты билим алууга чакырышты.

Мындай профилактикалык иштер Базар-Коргон РИИБнин кызматкерлери тарабынан дагы жүргүзүлүп, Карача айылындагы №8 мектепте ата-энелер менен жыйын өткөрүлдү. Өспүрүмдөрдү түнкү убакыттарда зарыл жумуш болбосо көчөгө чыгарбоо керектиги эскертилип, мектептен сырткары убакыттарда ар дайым жаштарды көзөмөлгө алуу зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында окуучулар арасындагы волейбол, баскетбол уюштурулуп, жеңүүчүлөр сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий