• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ала-Букада 85 жаштагы кемпир коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда коронавирус жуктуруп алган 85 жаштагы кемпир ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бейтаптын айтуусуна караганда, оорунун эч кандай белгилери билинбей, жөтөл жана дене табынын жогорулашы байкалган эмес.

Министрликтин маалыматы боюнча, аталган бейтап март айынын ортосунда кичи ажылыктан кайтып келген жарандардын катарында болгон. Бишкекке учуп келгенден кийин андан жана аны менен чогуу келгендерден ПЧР-анализ алынган. Анын жыйынтыгы оң чыгып, 85 жаштагы кемпир стационарга жаткырылган. Ажылыкта аны коштоп жүргөн келининин анализи таза чыккан, бирок үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугу үчүн ал Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылындагы обсервацияга жаткырылган.

«Учурда үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары өздөрүн жакшы сезүүдө жана карантиндик чараларды так сактап жатат. Бүгүнкү күндө Ала-Бука районунда коронавирус жуктурган 13 бейтап бар, алардын көпчүлүгүндө оорунун белгилери билинбей өтүүдө. Бактыга жараша, оор абалдагылар жок», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий