• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ала-Букада аймактык милиция бөлүмчөсү капиталдык оңдоодон өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 03.12.22. /Кабар/. Ала-Бука РИИБдин Ак-Коргон аймактык милиция бөлүмчөсү толугу менен капиталдык оңдоо-иштеринен өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоо-түзөө иштерине 2 млн сомго жакын акча каражаты жумшалган. Анын 300 миң сомун Ак-Коргон айыл өкмөтү бөлүп берсе, калганын жергиликтүү демөөрчүлөр колдоого алган.

КР президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчиси Эркинбек Маканбаев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн Ак-Коргон аймактык милиция бөлүмчөсүнө барды.

Ашим Тагаев өз сөзүндө милиция бөлүмчөсүнө колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип, бул имарат жакшылыктарга себеп болгон кылмыштуулуктун алдын алууда жакшы ийгиликтерге жетишкен аймактык милиция бөлүмчөсү болуусуна тилектештигин билдирди.

Соңунда капиталдык оңдоого кошкон салымдары үчүн Ак-Коргон айыл аймагынын депутаттары, бир топ жарандар жана милиция кызматкерлери Жалал-Абад ОИИБдин сыйлыктары менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий