• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ала-Букада дарыгерлер кошумча маяналарын толугу менен алышты – Боржуев

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Ала-Букада дарыгерлер кошумча маяналарын толугу менен алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урматбек Боржуев билдирди.

Түз эфирде ага "мындан мурдараак Ала-Буканын дарыгерлери видеокайрылуу жасап, иштөө шарттарынын начардыгын жана кошумча маянасын ала албай жатканын айтышкан, бул маселе кандай каралды" деген суроо узатылды.

"Учурда Ала-Бука боюнча биздин медицина кызматкерлер толугу менен айлыгын алышкан. Андан тышкары кошумча маяна толугу менен которулуп бүттү. Ал жерде бир эле ооруканада эмес, обсервация, санитардык-карантиндик посттордо иштеген дарыгерлер айлыктарын алышты", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 695ти түзөт. Алардын ичинен 395 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий