• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ала-Букада күнүнө 120 тонна сүттү кайра иштетүүчү завод ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Ала-Бука районунда күнүнө 120 тонна сүттү кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар "Арашан" заводу ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, саамалыкка Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, район акими Нурбек Сатаров, мекеме кызматкерлери, башка район жана жергиликтүү бийлик жетекчилери, айыл тургундары катышты.

"Бүгүнкү күндө сүт заводдун жалпы мүмкүнчүлүктөн 10 пайызга жакыны пайдаланылып, күнүнө 18 тонна сүт кайра иштелип жатат. Андан даярдалган азыктар дүңүнөн өндүрүш мекеменин Таластагы филиалына жана Чүй облусуна жеткирилет. Аталган жайларда сүт азыктарынын түрлөрү көбөйтүлүп, экспортко чыгаруу пландалган", - деп айтылат маалыматта.

Өкүл Жалал-Абад облусунда президенттин аймактарда өндүрүш мекемелерин жолго коюу, ишкердикти колдоо, жергиликтүү жашоочуларды жумуш менен камсыздоо жаатындагы тапшырмасын ишке ашыруу аракети колго алынганын белгилеп, 6 ай аралыгында ишке кирген сүт заводу да жашоочулардын социалдык-экономикалык дараметин арттырууга чоң түрткү берээрин айтты. Жыл аягына чейин дагы эки райондо ушул сыяктуу завод ишке киргизилерин кошумчалады.

Белгиленгендей, завод жергиликтүү бийликтин колдоосу менен жеке ишкер тарабынан жолго коюлган. Алдыда Аксы жана Чаткал районунда өндүрүлгөн сүттөрдү да чогултуп, тургундардын киреше бөлүгүн арттыруу максаты көздөлүүдө. Алынып келинген сүттөр алгач лабараториялык текшерүүдөн өткөрүлөт. Мекемеде 30га жакын адам жумуш менен камсыздалып, иштөө тартиби боюнча атайын окутуудан өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий