• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ала-Букада каза болгон 82 жаштагы кемпирде коронавирус аныкталган эмес – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Ала-Букада каза болгон 82 жаштагы кемпирде коронавирус аныкталган эмес. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, ал чет жерден 17-март күнү келип, обсервацияга жаткырылган.

"Анын анализдери оору жок экенин көрсөткөн. 23-март күнү эски оорулары козголуп, абалы оорлошуп кеткендиктен Ала-Букадагы аймактык ооруканага жаткырылган. Дарыгерлердин аракетине карабай ал каза болду. Анын өлүмү коронавируска байланыштуу эмес. Жакындарына көңүл айтабыз", - деди ал.

Эскерте кетсек, 27-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 адам аныкталган. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 58ге жетет.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген жерлерде 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий