• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ала-Букада "Коопсуздук – 2022" машыгуусу өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы тарабынан Ала-Букада "Коопсуздук – 2022" биргелешкен штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, машыгууга Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары Нурбек Сыдыков, Ала-Бука РИИБдин жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын өздүк курамдары, ЖКККБнын кызматкерлери, күч түзүмдөрү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Машыгуунун алкагында Ала-Бука районунун аймагында "Аскердик кооптуулук" күжүрмөн баскычы киргизилгендигине, массалык баш-аламандыктардын алдын алуу, өзгөчө маанилүү, маанилүү объектилерди жана атуулдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында коменданттык саат киргизилип, комендант болуп Ала-Бука РИИБдин начальниги Азенбек Козукеев дайындалган.

Район аймагына 3 жерге блокпосттор орнотулуп, милиция кызматкерлери күнү-түнү кызмат өтөшүүдө. Мындан сырткары, Жалал-Абад ОИИБдин Кинология борборунун кызматтык иттери да тартылган.

Ала-Бука районунун тургундарын жана конокторун тынчсызданбоого жана бардык иш-чаралар машыгуунун алкагында өтүп жаткандыгын билдиребиз. Учурда район аймагында коомдук абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө.

Машыгуу 24-26-май күндөрү өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий