• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ала-Букада милиция менен тыгыз кызматташкандар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Ала-Бука РИИБнин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен тыгыз кызматташкан билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү жана мектеп окуучуларына милиция тарабынан ардак грамоталар тапшырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Сыйлыктарды тапшыруу убагында жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууда бул инсандардын салымы зор экендиги белгиленип, аларга ыраазычылык айтылды. Ошондой эле район аймагында тынчтыктын сакталуусуна алдыда дагы көмөктөшүүгө чакырышты.

Мындан сырткары жаштардын ынтымагын бекемдөө максатында Өрүктү айыл аймагына караштуу мектеп окуучуларынын арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Жалпы жыйынтыкта 1-орунду Үч-Терек орто мектебинин окуучулары багындырды. Жеңүүчүлөргө кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Милиция кызматкерлери сыйлыктарды тапшырып жатып жаштарды спортту жана мекенди сүйүүгө чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий