• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ала-Букада милиция тарабынан өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөрдүн арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиршти.

Маалыматка ылайык, милиция район аймагында айылдарды аралап, ата-энелер менен жолугушуп, өз балдарын, айрыкча мектеп бүтүрүүчүлөрүн катуу көзөмөлгө алып туруусун эскертишти.

Себеби бүтүрүчүлөрдүн топтошуп алып жаратылышта эс алууларына, автоунаалар менен шаар кыдыруусуна, ар түрдүү майрамдык кечелерди өткөрүүсүнө тыюу салына тургандыгы жеткирилди. Ошондой эле спорттук оюндар үчүн балдардын чогулуусуна дагы жол берилбеси айтылды.

Мындан сырткары жазгы сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу максатында чоң каналдардын бойлоруна, шар аккан суулардын жээктерине, кооптуу участокторго эскертүү тактайчалар орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий