• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ала-Букада окуучулар арасында “Зомбулуксуз жашоо” деген темада конкурс уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 19.04.21. /Кабар/. Ала-Букада окуучулар арасында “Зомбулуксуз жашоо” деген темада конкурс уюштурулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдрет.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан демилгеленип, өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу, болтурбоо максатында «Зомбулуксуз жашоо» - деген темада Ала-Бука районундагы №37 Үч-Терек, №17 А.Жуманазаров жана №18 А.Бешимов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептердин окуучуларынын арасында конкурс уюштурулуп, өткөрүлдү.

Конкурстун жүрүшүңдө РИИБнин жетекчилиги тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен катар, аталган темада суроо-жооптор менен коштолду.

Конкурсттун комиссиясы коюлган талап боюнча дил баян жазуу жана ошол эле темада сүрөт тартуу шарттарына баа берүү менен калыстык көрсөтүшүп баалашкан. Жыйынтыгында эң мыкты делгендер калыстардын катышуусунда тандалып алынып, Ала-Бука РИИБнин жана Өрүктү айыл аймагынын башчысынын демилгеси менен даярдалган грамота жана баалуу белектер өз ээлерине тапшырылган.

Конкурстун катышуучулары жана мектеп жамааты бул иш-чарага баа беришип, демилгечи жана уюштуруучу тарапка ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий