• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Ала-Букада өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Ала-Букада өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Ала-Бука району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан район аймагындагы кылкандуу дан эгиндерин оруп-жыйноо өнөктүгүндө өрт коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, район аймагында кылкандуу дан эгин жыйноо учурунда эгин талааларынын ээлерине жана эгиндерди оруп жаткан комбайн ээлерине өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, алдын алуу боюнча түшүндүрүү жумуштары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий