• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ала-Букада санариптештирүү маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясында "Санарип Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациянын концепциясынын алкагында райондук телекоммуникациялык диалог: "Санариптештирүү – өнүгүүнүн өзөгү" аттуу аймактык диалог болуп өттү.

Аталган иш-чараны Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эмилбек Абдыкадыров алып барып, ага байланыш операторлорунун аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери ж.б. катышып, алдыга коюлган максаттар талкууланган.

Ошондой эле иш-чарада райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондор аралык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын, райондук "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин, Ала-Бука райондук социалдык фонд башкармалыгынын жана Ала-Бука райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчилери жана айылдык аймактардын башчылары санариптештирүү боюнча аткарылган жумуштары жана алдыдагы аткаруучу иштери боюнча маалымат беришип, электрондук кызмат көрсөтүүнү күчөтүү, биргелешип иш алып баруу, бирдиктүү терезелердин ишин жандандыруу менен элдин убарагерчилигин азайтуу боюнча райондук масштабдагы талкуу жүргөн.

Андан тышкары, окуучулар арасында өткөрүлгөн райондук "Жаш техник" аттуу сынактын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий