• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ала-Букада сел коркунучу бар жайлар бекемделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун сел алуу коркунучунда турган жол алдын ала бекемделди. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өрүктү айылдык аймагынын Кең-Кол айылы Чаткал районун жана облус менен байланыштыруучу негизги айыл болуп эсептелинет. Буга чейин аталган айылда сел жүрүп, көпүрө жана жолго кооптуулук жаралган.

Аймактагы селдин кесепеттерин алдын алууда ДЭУ 17 ишканасынын жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барууда. Андагы иш аракеттердин жүрүшүн район акими Нурбек Сатаров жеринен көрүп, тийиштүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

Буга чейин селден жаралган ыңгайсыздыктарды тез аранын ичинде жоюу керектигин айтып, аны көзөмөлүнө аларын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий