• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ала-Букада сел суулары айрым жерлерди каптады

Аймак 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагында 2017-жылдын 1-июнь күнү түндө саат 02:00-03:00 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен, Ак-Башат сел сайынан жана Өрүктү-Сай суусунан сел суулары ашып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 1-июнь күнү КР ӨКМ райондук бөлүмүнүн башчысы, КР ӨКМ Мониторинг департаментинин адиси, райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзгөн.

Ак-Башат сел сайынан келген сел суулары Өрүктү-Сай айылынын жогору тарабынан өткөн Эшме суугат каналына курулган түтүкчөдөн ашып, 1 турак жайдын короолоруна кирип, там аркаларындагы эгилген бак дарактарын кулаткан.

Өрүктү-Сай суусунан келген сел суулары оң жээгинде жайгашкан 2 турак жайдын короолоруна кирип, 1 кожолуктун үлүш аянттарынын жээктерин жеп, эгилген бак дарактарын алып кеткен.

Колоттордон агып келген сел суулары Өрүктү-Сай суусуна кошулуп, сайдан ашып, сайдын сол жээгиндеги 1 турак жайдын короосун каптап (2006-жылы КР ӨКМ тарабынан коопсуз жайга көчүрүлгөн) үйдүн арткы дубалы кулап түшүп, авариялык абалга келген. Ал турак үйдө учурда эчким жашабайт, көп жылдан бери кароосуз калган. 4 кожолуктун үлүш жерлеринин жээктерин сел суулары жеп кеткен.

Жабыркагандар жок.

Өрүктү-Сай суусунун нугун буруу, түздөө жана сайдын жээктерин бекемдөө жумуштары аткарылган, ага райондук №17 жол тейлөө ишканасынын 1 жүктөгүч, 1 самосвал тартылган. Тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий