• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ала-Букада селден көпүрө жабыркады

Коом 0

Бишкек, 31-май /Кабар/. Ала-Бука районунун Өрүктү айыл аймагында 2017-жылдын 30-май күнү саат 15:00 чамасында мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен колоттордон сел суулары түшүп, Өрүктү-Сай айылынын Коргон-Дөбө участкасындагы айыл аймак тарабынан ашар ыкмасы менен курулган ички чарбалык көпүрө авариялык абалга келген. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Унаалар өтүүчү үчүн жол каттамы токтоп калган.

Аталган көпүрө 20 кожолукту жана №18 Ж.Бешимов орто мектебин тейлейт. Учурда жашоочулар аталган көпүрөнүн жанындагы курулган жөө адам өтүүчү көпүрө аркылуу өтүүдө.

Андан сырткары Өрүктү-Сай айылындагы Өрүктү-Сай суусу аркылуу жөө адам өтүүчү көпүрөнүн астын сел суулары жеп, адамдардын ФАПка өтүүсүнө кыйынчылыктарды жараткан.

Ал эми, Тегизчил участкасында 2012-жылдары айыл тургундары тарабынан ашар ыкмасы менен курулган ички чарбалык көпүрө жараксыз болуп калган. Учурда жашоочулар жөө адам өтүүчү көпүрө менен катташууда.

Тегизчил-2 участкасындагы 15 кожолук өтүүчү ички чарбалык унаалар өтүүчү көпүрө кооптуу абалда калган. Бирок жол каттамы токтогон эмес.

Жеринде КР ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий