• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ала-Букада уулуу зат болгон сымап менен бир адам кармалды

Коом 0

Ош, 27.02.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ала-Бука районунда милиция кызматкерлери ири партиядагы сымап менен бир адамды кармашкан. Бул тууралуу КР ИИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиционерлер ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшерүү маалында унаанын ичинен салмагы 2 кг 550 грамм болгон сымап табылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган Т.Р., аттуу жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди, учурда иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий