• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ала-Букада жоокерге ок тийип каза болду – КР МЧК

Кырсык 0

Бишкек, 13.03.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда катардагы жоокер ефрейторду кокусунан атып алган,-деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

КР МЧКнын маалыматы боюнча, бүгүн №2030 аскердик бөлүктө келишимдик негизде кызмат кылган чек арачы жоокер ок жаңылып каза тапкан.

“Чек ара кызматынын катардагы Б.Д. уулу (2017-жылдын жазында чакыртылган) жоокери кызматта турган учурунда кокусунан ок чыгарып, келишимдик негизде турган ефрейторго ок чыгарып алган. ЕфрейторТ.Б., ооруканага бара жатканда жолдо каза тапкан”,-деп айтылат маалыматта.
Учурда аталган факты боюнча кылмыштык иликтөө жүрүүдө.

Окуя болгон жерде Аскердик прокуратуранын кызматкерлери иштеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий