• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ала-Букадагы аскерлердин эмдөө алгандан кийинки терс таасирлери алардын тынчсыздануусуна байланыштуу болгон

COVID - 19 0

Бишкек, 08.08.21 /Кабар/. Ала-Букадагы аскерлер вакцинадан кийин тынчсыздануунун жана коркуунун күчөшүнөн улам ооруп калышкан. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги AstraZeneca вакцинасы менен эмделгенден кийин аскер кызматкерлеринин массалык терс таасирине байланышкан окуя боюнча комментарий берген.

Белгиленгендей, Ала-Букада 5-августтан тартып дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жаткан 56 аскер кызматкерлеринин абалы канааттандырарлык. 7-августта аскерлер андан ары дарыгерлердин көзөмөлүндө болуусу үчүн медициналык бөлүмгө жөнөтүлдү. Вакцина алуудан кийин мүнөздүү болгон клиникалык симптомдор (дене табынын 39 градустан жогору болушу, баш оору) организмдин эмдөө алууга жообу катары бааланды.

Министрлик аталган окуя катталгандан кийин комиссия түзүлүп, консультация берүү үчүн жерине жөнөп кетишкени тууралуу маалымат берди.

“Бул учурдун себептерине ылайык, эмдөөдөн кийинки кыйыр таасирлер категориясына караганда уюшулган топтордо (билим берүү мекемелеринде, университеттерде, аскер бөлүктөрүндө) жаш куракка мүнөздүү болгон эмдөө жөнүндө тынчсыздануу (коркуу, тынчсыздануу) менен байланышкан реакция катары бааланат” , -деп айтылат билдирүүдө.

COVID-19га каршы эмдөөдөн кийин байкалган бардык кыйыр таасирлер башка ушул сыяктуу эмдөөлөргө мүнөздүү болгондой эле олуттуу эмес, көпчүлүк симптомдору: эмдөө алган жердеги оору, баш оору, ысытма жана башкалар, бул 12-24 саат аралыгында өтүп кетет. Эмдөө алгандан кийинки терс таасирлердин 4 учуру катталса маалымат базасына каттоого алынат.

Ведомстводон аталган вакцинаны колдонуу республика боюнча 2021-жылы 9-августта жандана турганын кошумчалаган.

Эскерте кетсек, буга чейин 2021-жылдын 5-августунда эмдөөдөн кийинки көзөмөлдүн жүрүшүндө Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука айылындагы аскердик бөлүктө коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделген аскерлер арасында өзүн начар сезгендер байкалган.

Пикир

Оставить комментарий