• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ала-Тоо” аянтында китеп окуу боюнча флешмоб өттү — сүрөт, видео

Коом 0


Бишкек, 20.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында китеп окуу боюнча флешмоб өттү.

Борбор калаада өткөн иш-чарада жаштар өздөрүн кызыктырган китеп менен таанышты. Ошондой эле көркөм окуу боюнча өнөрлөрүн тартуулашты.

Чоңдорго билим берүү кыргыз ассоциациясынын аткаруучу директору Чолпон Карагул кызынын айтымында, флешмоб чоңдорго билим берүү декадасынын алкагында жана китеп окууну колдоо иретинде өткөрүлдү.

“Аянтка бардык каалоочулар чакырылган. Алар биздин социалдык баракчаларыбыздан окуп-билип келишти. Негизги максатыбыз — китеп окууну жайылтуу жана “Ала-Тоо” аянтын билим алуу жайга өзгөртүү”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 20-сентябрда, чоңдорго билим берүү боюнча декада старт алды.

Декада сентябрдын аягына чейин өлкөнүн бардык облустарында болуп, чоңдор арасында айыл чарба, курулуш, өнөр жай, IT тармагында курстар өткөрүлөт. Окуу тармактын түрүнө жараша акысыз жана төлөп окууга бөлүнөт.

Аталган иш-чара тууралуу кененирээк маалыматты Чоңдорго билим берүү кыргыз ассоциациясынын расмий сайтынан алса болот.

Пикир

Оставить комментарий