• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Ала-Тоо" аянтында кыргыз футболчуларына арналган концерт өттү – фото

Спорт 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында Азия Кубогуна катышып келген футболчуларга арналган иш-чара өттү. Футболчуларды куттуктоого 2 миңге жакын күйөрмандар, өкмөт башчы Мухамеддкалый Абылгазиев, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Кыргызстандын Футбол федерациясынын жетекчилиги келишкен.

Белгилей кетсек, Александр Крестинин баш болгон КРнын футбол курамасы бүгүн "Манас" аэропортуна учуп келишип, күйөрмандар аларды шаңдуу маанайда, добулбастын коштоосунда тосуп алышкан.

Ошондой эле саат 15:00 "Ала-Тоо" аянтында футболчулардын күйөрмандары менен жолугушуусу уюштурулуп, концерт өттү.

Эскерте кетсек, футбол боюнча курама команда Азия Кубогуна катышып, 1/8 финалына чыга алышкан.

Чейрек финалга өтүү үчүн алар Бириккен Араб Эмираттары менен ойноп 2:3 эсебинде утулуп калышты.

Бирок ошол беттеш кыргызстандык күйөрмандардын купулуна толуп, кураманын жеңишке умтулуусу мекендештердин сыймыктануу, суктануу сезимдерин жаратты.

Пикир

Оставить комментарий