• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын тарыхый окуяларына арналган сүрөт көргөзмөлөр өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. Борбор калаада Кыргызстанда болгон окуяларга арналган тематикалык көргөзмө уюштурулууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Борбордук аянтта Эл аралык аялдар күнүнө жана Нооруз майрамына арналган көргөзмө болуп өттү.

Бул ирет көргөзмө 2010-жылы 7-апрелдеги элдик революцияны майрамдоого арналган.

Көргөзмөдө азыркы сүрөтчүлөрдүн акыркы жылдардагы өлкөнүн эң эле белгилүү тарыхый окуялары жана 2010-жылдагы окуялар тууралуу сүрөт иштери көрсөтүлгөн, алар хронологиялык ырааттуулукта коюлган.

Мындай көргөзмөлөр башка майрамдар жана окуялардын алдында дагы уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий