• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Ала-Тоо» аянтында массалык мушташ болуп, бир бала каза болду

Коом 0

Бишкек, 26.02.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында массалык мушташ болуп, бир бала каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

24-февраль күнү саат 1.57 милицияга «Ала-Тоо» аянтындагы мушташ тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери эч кимди тапкан эмес.

Кийинчерээк ооруканалардын бирине бычак жеген 19 жаштагы эки жигит түшкөн. Алардын бири операция учурунда каза болгон.

Милициянын маалыматы боюнча, достор биринин туулган күнүн майрамдап, кыздарды чакырышкан. Отуруш учурунда кыздар менен жигиттердин ортосунда чыр чыгып, кыздар өз тааныштарын жардамга чакырган.

Майрамдап жаткан жигиттер менен келген балдардын ортосунда чыр чыгып, экөө бычак жеген.

Шектүү катары бир бала кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий