• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ала-Тоо” аянтында милициянын заманбап бөлүмү ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында 18-июнда милициянын заманбап бөлүмү ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, Бишкек шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаев, ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов жана ЖМКнын өкүлдөрү катышты.

Аталган бөлүм милиция кызматынын заманбап талаптарына ылайык жасалып, жаңы имаратка алмаштырылды. Анда шаардын жашоочулары менен конокторун кабыл алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, Кыргызстандын жарандарына өз убагында жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Улан Ниязбеков жогорудагы милициянын бөлүмү бардык капиталдык оңдоодон өткөрүлгөнүн, милиция кызматкерлеринин иштөөсү жана жарандарды кабыл алуулары үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн белгиледи.

Андан сырткары, туристтик милициянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган 10 электробайк тапшырылды.

Бул транспорттук каражаттар коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоодо милиция кызматкерлеринин ыкчам иштөөсүнө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий