• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

“Ала-Тоо” аянтында туткунга түшкөн совет аскери чагылдырылган баннер алмаштырылат — мэрия

Коом 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында туткунга түшкөн совет аскери чагылдырылган баннер алмаштырылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэриядан кошумчалагандай, аталган баннердин “Ала-Тоо” аянтында кантип илинип калгандыгы такталууда.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактын колдонуучусу Дмитрий Федоров совет аскеринин жанында фашист турганы эмнени түшүндүрөт деп суроо салган.

“Совет аскери туткунбу? Же эмне?”, - деп жазган Федоров.

Маалымат үчүн: аталган сүрөт 1941-жылы тартылган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда совет аскеринин туткунга түшүшү фашисттик Германиянын пропагандасы болгон.

Пикир

Оставить комментарий