• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ала-Тоо” аянтында туткунга түшкөн совет аскери чагылдырылган баннер алынды

Коом 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында туткунга түшкөн совет аскери чагылдырылган баннер алынганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэриядан кошумчалагандай, аталган баннердин “Ала-Тоо” аянтында кантип илинип калгандыгы такталууда.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактын колдонуучусу Дмитрий Федоров совет аскеринин жанында фашист турганы эмнени түшүндүрөт деп суроо салган.

“Совет аскери туткунбу? Же эмне?”, - деп жазган Федоров.

Маалымат үчүн: аталган сүрөт 1941-жылы тартылган. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда совет аскеринин туткунга түшүшү фашисттик Германиянын пропагандасы болгон.

Пикир

Оставить комментарий