• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ала-Тоо аянтындагы асфальт жаңыланууда. Иштер 24-майга чейин уланат (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. 15-майдан тарта “Ала-Тоо” борбордук аянты оңдоого жабылып, учурда асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишти Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаменти жүргүзүүдө жана 2022-жылдын 24-майында бүткөрүү пландалууда.

"Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жаңы асфальт төшөлөт", - деп кошумчалашты муниципалитеттен.

Бишкек мэриясы жарандардан жүргүзүлүп жаткан жол иштерине түшүнүү менен карап, каттамды алдын ала пландап алууну суранат

Пикир

Оставить комментарий