• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ала-Тоо аянтындагы кайгуул кызматкерлери жарандардын баалуу буюмдарын, документтерин таап, ээлерине кайтарып берүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Милициянын таяныч пункттунда нөөмөттө турган кайгуул кызматкерлери тарабынан жарандардын документтери жана баалуу буюмдары табылып, ээлерине кайтарылып берилүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардын борбордук аянтында милициянын кошумча таяныч пункту ачылган күндөн тартып, ошол жерде милициянын кайгуул кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө туруп, шаар тургундарынын жана чет өлкөдөн келген туристтердин коопсуздугу үчүн кызмат өтөп келет.

Нөөмөт учурунда жарандардан ар кандай багыттагы кайрылуулар келип түшүп, аларга өз убагында чара көрүп, сурагандарга жол көрсөтүп, жада калса жарандардын жоготкон документтерин жана баалуу буюмдарын таап берип келет.

Таяныч пунктту ачылган күндөн тартып, бүгүнкү күнгө чейин ошол жерде нөөмөттө турган кайгуул кызматкерлери тарабынан төмөндөгү документтер жана буюмдар табылып, ээлерине кайтарылды;

- жарандардын өздөрүн аныктоочу докумменттери (паспорт) 14 табылып, 9зу ээлерине кайтарылган. Калган 5 паспорт сакталып турат;
- баштык 5. Анын 2сү ээлерине берилип, 3сү сакталып турат;
- уюлдук телефондон 5 табылып, баарын ээлери келип алып кетишкен;
- 5 ачкыч (үйдүкү, автоунааныкы ) табылып, 4сү ээлерине берилген. Бирөө сакталууда;
- табылган бир самакат ээсине берилди;
- беш капчыктын төртөө ээсине берилип, бирөө сактоодо турат;
- бир автоунаанын техникалык күбөлүгү сакталып турат.

Пикир

Оставить комментарий