• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Ала-Тоо” аянтындагы митинг концерт менен коштолууда

Коом 0

Бишкек, 06.01.20. /Кабар/. Учурда “Ала-Тоо” аянтында миңдеген адамдар чогулду. Алардын алдында активисттерден тарта саясатчыларга чейин чыгып сүйлөөдө.

Митингчилердин алдында Тата Улан жана башка ырчылар чыгып ырдашты. Аянтка чогулган эл премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруучу Садыр Жапаровдун ысымын атап, аны күтүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 5-октябрда Бишкекте Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор митингге чыгышкан.

Кечке маал митингчилер Ак үйгө бет алганда укук коргоо органдары ортосунда кагылышуу болгон. Түндө митингчилер Ак үйдүн имаратын басып алышкан.

Ошондой эле парламенттин спикери Дастанбек Жумабеков, өлкө премьер-министри Кубатбек Боронов кызматтан кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий