• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык балатынын оту 10-декабрда жанат

Коом 0

Бишкек, 26.11.20. /Кабар/. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык балатынын оту 10-декабрда жанат. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, борбордук аянтта мурункудай концерт жана салют болбойт.

"Концерт уюштуруу үчүн 4 миллион сом керек экен. Ошондуктан мындан баш тартып жатабыз. Колубуздан келишинче акча коротпой, жасалгалап, ал акчаны үнөмдөп, башка пайдалуу нерсеге жумшасак деп ойлойбуз", - дейт ал.

Түлөбаев балаты мурунку жасалгалар менен кооздолорун белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий