• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Ала-Тоо айымдары" кыймылы Азамат Жаманкуловду жылдын мыкты министри деп тааныды

Коом 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. "Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылы жылдын мыкты министри деп маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловду тааныды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылынын төрайымы Жыпаргүл Баргибаева билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча маданият министринин эмгеги жогору бааланып, сыйлыкка татыды.

"Жылдын мыкты министри сыйлыгына Азамат Жаманкуловду атадык. Үч жолу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Талас облусунда Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө зор эмгегин баалап аталган сыйлыкты тапшырдык. Ошондой эле өлкөдөгү маданиятты, туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымын эске алдык", - дейт ал.

Баргибаева кошумчалагандай, жылдын мыктылары сыйлыгына Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Талас облусунун губернатору Марат Мураталиев сыйланды. Ал эми Кыргыз Эл акыны Гүлсайра Момуновага "Умай эне" сыйлыгы тапшырылган.

"Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылы 2010-жылы негизделип, "Аялзат дүйнөнү сактайт!" деген чакырыктын алдында Кыргызстанда саясий туруктуулукка үндөө менен бирге, элдердин ортосунда ынтымакты орнотууда албан-албан иштерди жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий