• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Ала-Тоо айымдары” кыймылы “Кабар” КУМАнын кызматкерин сыйлады

Коом 0

Бишкек, 22.05.18. /Кабар/. “Ала-Тоо айымдары” коомдук экологиялык кыймылы “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин кызматкерин тыгыз кызматташтыгы жана кесипкөйлүгү үчүн сыйлады.

Кыймылдын төрайымы Жыпаргүл Баргибаева ЖМК жетекчилигине жана кызматкерлерине уюмдун ишмердигин чагылдырууда маалыматтык колдоо көрсөткөндөрү үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Андан тышкары, салтанаттуу жагдайда кыймылдын өкүлдөрү агенттиктин котормо бөлүмүнүн жетекчиси Нуржан Касмалиевага медаль тапшырды.

Эске сала кетсек, мурда “Ала-Тоо айымдар” кыймылы Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II "Жылдын мыкты адамы" деп тапкан.

Андан тышкары, “Ала-Тоо айымдарынын” версиясы боюнча “Жылдын адамы” номинациясына экс-президент Алмазбек Атамбаев (2014-жыл), Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков (2015-жыл) жана РФнын президенти Владимир Путин (2016-жыл) татыган.

Пикир

Оставить комментарий