• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Ала-Тоо айымдары” кыймылы Түркиянын президентин жылдын адамы деп тапты

Маданият 0


Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. “Ала-Тоо айымдары” экологиялык кыймылы “2021-жылдын адамы” наамын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга ыйгарды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган уюмдун төрайымы Жыпаргүл Бергибаева билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон адамдардан турган атайын комиссия Түркиянын лидерин бул сыйлыкка татыктуу деп тапты.

“Белгилей кетсек, мындан мурда бул сыйлык Россиянын президенти Владимир Путин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIге берилген. Мурда сыйлык өкүлчүлүк аркылуу берилип келген болсо, бул жолу сыйлыкты жеке колуна тапшыруу пландалууда”, - деди ал.

Өз кезегинде, “Курманжан Датка” кайрымдуулук фондунун төрайымы Жылдызкан Жолдошова Түркиянын лидери бул сыйлыкка дүйнөдөгү тынчтыкты орнотууга кошкон салымы жана дүйнө коомчулугуна кайдыгер эмес мамилеси үчүн татыктуу болгонун белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий