• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Ала-Тоо айымдары" кыймылы жылдын адамы деп Өзбекстандын президентин тааныды

Коом 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. "Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылы жылдын адамы деп Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзёевди тааныды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында "Ала-Тоо айымдары" коомдук экологиялык кыймылынын төрайымы Жыпаргүл Баргибаева билдирди.

Анын айтымында, "Жылдын адамы" наамын иликтөө жана ыйгаруу боюнча комиссия түзүлгөн.

"Мирзёевге "Жылдын адамы" наамы чыгарылышынын себеби, ал Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселесин, эки бир тууган элдин пайдасына чечүүдө көсөм саясатчы катары көпүрө болуп бере алгандыгы үчүн, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу максатында Өзбекстанда негизги көчөлөрдү анын ысымы менен атады жана бир катар иш-чараларды өткөрдү, ошондой эле 45 күндө Манас айылын шаарга айланткандыгы үчүн берилди" - дейт ал.

Баргибаева белгилегендей, сыйлык элчи тарабынан Өзбекстандын президентине берилет.

"Ала-Тоо айымдары" кыймылы 2010-жылы негизделип, "Аялзат дүйнөнү сактайт!" деген чакырыктын алдында Кыргызстанда саясий туруктуулукка үндөө менен бирге, элдердин ортосунда ынтымакты орнотууда албан-албан иштерди жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий