• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ала-Тоо аянты башаламан оюн кызматын көрсөтүү жайларынан тазаланды

Коом 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Ала-Тоо борбордук аянты башаламан оюн кызматын көрсөтүү жайларынан тазаланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунда оюн кызматын көрсөтүү боюнча стихиялуу жайлар жоюлду.

Биринчи май акимиятынын Экономика жана финансы бөлүмүнүн адистери Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте "Ала-Тоо" борбордук аянтында мыйзамсыз орнотулган жеңил объектилерди жана оюн конструкцияларын демонтаждоо боюнча кезектеги рейддик иш-чарасын өткөрдү.

Комиссия 25ке жакын мыйзамсыз объектилерди демонтаж кылды.

Акимиат бул конструкциялардын ээлерине бир нече жолу эскертүүлөрдү берген, бирок ага карабастан мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишет.

Пикир

Оставить комментарий