• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

«Ала-Тоо» борбордук аянтындагы велосипед ижарага берүү жайы алынды

Коом 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Кечээ Бишкектеги «Ала-Тоо» борбордук аянтындагы велосипед ижарага берүү жайы алынды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасы менен биргеликте шаарды мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин улантууда.

"Дем алыш күн экенине карабастан, биздин команда мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү үчүн борбордук «Ала-Тоо» аянтына чыгышты. Биз велосипед ижарага берүү жана көчө оюндары боюнча 13 түйүндү алдык", - деп билдиришти мэриядан.

Мэрия ишкерлерден жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий