• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Ала-Тоо Дордой” хоккей боюнча КР чемпиону болду

Спорт 0

Бишкек, 10.04.18. /Кабар/. “Ала-Тоо Дордой” курамасы КРдин шайба менен хоккей ойноо боюнча чемпионатында жеңишке жетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чемпионат 5нен 8-апрель күндөрү Бишкекте өткөн. Үчүнчү турда төмөнкү курамалар ойношкон. “Чолпон-Ата”, “Кеңеш учкучтары”, “Ала-Тоо Дордой”, “Кыргыз Темир Жолу”.

Бул курамалар экинчи жана үчүнчү турдун жыйынтыгы боюнча өздөрүнүн тайпаларында 1-2-орундарды ээлешип, турнирдин плей-оффуна чыгышкан. Чечүүчү үчүнчү турда курамалар эки жеңишке чейин ойношкон.

Болжолдуу жыйынтык боюнча финалга “Ала-Тоо Дордой” жана “Кыргыз Темир Жолу” курамалары чыгышкан. Чемпионаттын жыйынтыгында “Ала-Тоо Дордой” жеңишке жеткен.

Коло медаль “Кеңеш Учкучтары” курамасына ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий