• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ала-Тоо конушунда ирригациялык тармактарды куруу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Русланбек Тагаев Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Курбанбек Айтибаев менен биргеликте Ала-Тоо жаңы конушундагы ирригациялык тармактарды куруу маселесин талкуулады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын катышуучулары Ленин районунун Ала-Тоо конушунун жашоочуларынын үйлөрүн суу каптоонун алдын алуу үчүн Сокулук районунун аймагында батыш багытындагы темир жолду бойлото ирригация куруу маселесин карашты.

Сугат түтүктөрүн Ленин районунан берүү чечими кабыл алынып, Сокулук башкармалыгынан Айбике көчөсүнөн темир жолдун боюнан түштүк тараптан батыш тарапка сугат түтүктөрүн орнотуу иштери жүргүзүлдү.

"Ирригациянын курулушу Ала-Тоо конушундагы үйлөрдү суу каптап, Сокулук районундагы Ак-Ордо конушунун аймагынан суу чыгаруу маселесин чечет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий