• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ала-Тоо” кыргыз журналы өзбек тилине которулат

Дүйнө 0

Бишкек, 05.04.18. /Толонбай Курбанов – Кабар/. “Ала-Тоо” кыргыз адабий-көркөм журналынын бир саны бул жылы өзбек тилине которулуп, Ташкентте чыгарылат. Бул тууралуу ӨРнын жазуучулар союзунун төрагасы, “Өзбекстан-Кыргызстан” достук коомунун төрагасы, өзбек эл жазуучусу Мухаммад Али достук коомунун жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, кыргыз кесиптештери менен “Шарк юлдузи” журналынын бир санын кыргызчага которуп, Бишкекте басып чыгаруу боюнча келишим түзүлгөн.

“Өзбек жана кыргыз окурмандары бул басылмалар менен өз тилинде жакындан таанышып чыгышсын. Менимче бул долбоор келечекте эки калктын достугун бекемдөөдө зор салым кошот. Бул демилгени ишке ашырууда бардыгыңыздарды жигердүү катышууга чакырам”,-деп билдирди Мухаммад Али.

Пикир

Оставить комментарий