• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ала-Тоо” окуу борборунда ок атуу сабактары өтүүдө — Коргоо министрлиги

Коом 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. “Ала-Тоо” окуу борборунда 73809 аскер бөлүгүнүн анык мөөнөттөгү аскер кызматчылары бөлүмчөнүн курамындагы ок атуу сабактарынан өтүүдө. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ок атуу сабактарынын жүрүшүндө жоокерлер бөлүмчөнүн курамында чабуулга киришүү жана штаттык куралдарынан ок атуу боюнча билимдерин бышыкташууда.

Ок атуу сабактары башталганга чейин жоокерлерге ок атуу учурундагы коопсуздук эрежелери, ок атуу машыгууларын аткаруу учурундагы шарттары жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий