• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Ала-Тоо” ресторанындагы массалык уулануу боюнча кылмыш иши козголду – ШИИББ

Коом 0

Бишкек, 02.04.18. /Кабар/. “Ала-Тоо” ресторанындагы 30-мартта болгон массалык уулануу фактысы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирет.

Материал Октябрь райондук ИИБде каттоого алынган.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, териштирүү амалдары уланууда. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий