• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Ала-Тоо” ресторанындагы массалык уулануу: Жабыркагандардын саны 232 адамга жетти

Коом 0

Бишкек, 03.04.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. “Ала-Тоо” ресторанындагы үйлөнүү үлпөт тоюнан кийин уулангандардын саны 232 адамга жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бүгүнкү күндө 198 адам кайрылган, андан тышкары, аймактык ооруканага 34 бейтап түшкөн. Бардык кайрылгандардын ичинен 131 адам ооруканага жаткырылган.

Эске сала кетсек, 30-мартта “Ала-Тоо” ресторанындагы тойдон соң коноктор жана алардын туугандары тамак-аштан массалык түрдө ууланышкан. Бишкек шаардык Мамсанэпидемкөзөмөл Борборунун башкы дарыгери Артур Буюкляновдун айтуусунда, бардыгы болуп тойго 192 адам катышкан. Жабыркагандардын биринчи агымы 31-мартта саат 19:30дан соң ооруканага кайрыла башташкан.

“Ала-Тоо” ресторанында Мамсанэпидемкөзөмөл Борбору тарабынан тамак калдыктарынан анализ чогултуп, пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы жана массалык уулануунун себеби үч күндүн ичинде маалым болот. Алдын ала маалыматка караганда, коноктор тоок этине ууланышкан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Андан тышкары, имараттын жетекчисине 20 миң сом, ал эми ашпозчуга – 5 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Ресторандын иши текшерүү аяктаганга чейин убактылуу токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий