• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Ала-Тоо” ресторанындагы массалык уулануу: Жабыркагандардын саны 250 адамга жетти

Коом 0

Бишкек, 04.04.18. /Кабар/. 31-марттан тарта ушул күнгө чейин “Ала-Тоо” ресторанындагы үйлөнүү үлпөт тоюнан кийин уулангандардын саны 249 адамга жетти. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына бүгүнкү күндө 204 адам кайрылган, алардын 138и ооруканага жаткырылган.

Бишкекте 128 адам дарыланып жатат, 10 бейтап саламаттыгы жакшы болгондуктан үйлөрүнө чыгарылган.

Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дарылоо уюмдарында 45 адам дарыгерден жардам сурап кайрылса, алардын 36сы стационардык дарылануудан өтүп жатышат, кайрылгандардын тогузуна амбулатордук жардам көрсөтүлгөн,-деп билдирет ССМнин басма сөз кызматы.

Бейтаптардын абалы туруктуу, жабыркагандардын бардыгы керектүү медициналык жардам алып жатышат.

Эске сала кетсек, 30-мартта “Ала-Тоо” ресторанындагы тойдон соң коноктор жана алардын туугандары тамак-аштан массалык түрдө ууланышкан. Бишкек шаардык Мамсанэпидемкөзөмөл Борборунун башкы дарыгери Артур Буюкляновдун айтуусунда, бардыгы болуп тойго 192 адам катышкан. Жабыркагандардын биринчи агымы 31-мартта саат 19:30дан соң ооруканага кайрыла башташкан.

“Ала-Тоо” ресторанында Мамсанэпидемкөзөмөл Борбору тарабынан тамак калдыктарынан анализ чогултуп, пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы жана массалык уулануунун себеби үч күндүн ичинде маалым болот. Алдын ала маалыматка караганда, коноктор тоок этине ууланышкан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Андан тышкары, имараттын жетекчисине 20 миң сом, ал эми ашпозчуга – 5 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Ресторандын иши текшерүү аяктаганга чейин убактылуу токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий